БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен бара турганын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
"Сапардын алкагында өлкө башчы император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO - Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт", — деп жазылат маалыматта.
Анда тараптар кыргыз-япон кызматташтыгында эки жакты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашары кошумчаланды.
Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалып жатканы айтылды.