БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга Валентина Матвиенко жетектеген Россиянын Федерация кеңешинин делегациясы келди.
Делегацияны "Манас" аэропортунан Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева тосуп алган.
Бишкекте 16-ноябрь күнү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) күзгү сессиясынын иши башталып, ал эки күнгө созулат.