Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров кармалды. Видео

Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн пайдаланып өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. УКМК Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров кармалганын маалымдап, аны колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.
Билдирмеге караганда, Моңолдоров Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп шектелүүдө.
"Мэр максатына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн пайдаланып өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген. Тактап айтканда, бандиттер жарандык активисттен мэрдин ишин сындоону токтотууну талап кылып, антпесе сабайбыз деп коркутушкан", — деп жазылат маалыматта.
13-ноябрда шаар башчынын кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлүп, Моңолдоров камакка алынган.
УКМК учурда кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
УКМК: Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланып, байлыгы тизмектелди