Жакында дайындалган 5 министр парламентте ант берди. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жакында дайындалган министрлер бүгүн Жогорку Кеңешке келип, ант беришти.
Аземге президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин курамы толук катышты.
1 / 3

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

2 / 3

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова

3 / 3

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Нурия Кутнаева

Ант берген министрлер:
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев (15-мартта кызматка дайындалган);
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев (13-сентябрда дайындалган);
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева (7-октябрда дайындалган);
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова (13-сентябрда дайындалган);
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Нурия Кутнаева (13-сентябрда дайындалган).
Нурдан Орунтаев мамлекеттик жаңы кызматка дайындалды