УКМК: мекенинде башаламандык кылууга Москвадан чакырык салган киши алып келинди

Кыргызстандык мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Москва шаарында туруп мекенинде массалык башаламандыктарды уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасады делген кыргызстандык кармалып, Жалал-Абадга алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
"К.Н.К. аттуу 37 жаштагы киши өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу, чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык башаламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/басып алууга чакырыктарды жарыялаган. Ал мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган", — деп айтылган маалыматта.
Россиядан алып келинген К.Н.К. 2023-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилгенин айтышты.
Атайын кызматтан бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.
19-ноябрда элди массалык башаламандык уюштурууга чакырган. УКМК шектүүнү кармады