РФ министри: COVID КМШнын саламаттыкты сактоо тармагы кызматташа аларын көрсөттү

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. COVID-19 саламаттыкты сактоо тутуму кыйынчылыкка туш болгондо КМШ өлкөлөрү канчалык натыйжалуу кызматташа аларын көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.
Бишкекте өтүп жаткан КМШнын Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI жыйыны
Ал Бишкекте өтүп жаткан КМШнын Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI жыйынында сүйлөгөн. Белгилей кетсек, бул иш-чарага быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.
Мурашко КМШ өлкөлөрүнүн ден соолукту чыңдоо жаатындагы кызматташуусу биринчи кезекте жарандардын саламаттыгына багытталышы керектигин белгилеген.
"COVID-19 чакырыгы саламаттыкты сактоо тутуму кыйынчылыкка туш болгондо биз канчалык натыйжалуу кызматташа аларыбызды көрсөттү. Кыйын кырдаалда адистер менен тажрыйба алмашып, бейтаптарды биргелешип дарылап, жаңы жана үзгүлтүксүз, улам толукталып турган дарылоо ыкмалары түзүлдү. Мунун баары бизге жаңы багытта алдыга жылууга шарт түзөт", — деген ал.
Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко, ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн медициналык коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.
Бишкекте "Ден соолук" жарышы өтүп, министр Бейшеналиев бийлеген видео