Композиторлор жана обончулар арасында кароо-сынак жарыяланды. Шарты

Сынак жаңы обондорду эл алдына алып чыгып, заманбап чыгармаларды аныктоо, ырчы-вокалисттердин репертуарын байытуу максатында уюштурулуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Композиторлор союзу менен биргеликте обончу, композиторлор арасында республикалык сынак жарыяланганын кабарлады.
Министрлик сынак жаңы обондорду эл алдына алып чыгып, заманбап чыгармаларды аныктоо, ырчы-вокалисттердин репертуарын байытуу, жаштардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү максатында уюштурулуп жатканын белгиледи.
"Кароо-сынак атуулдук, лирикалык жана балдар үчүн обондор болуп үч баскычта өтөт. Катышуучулардын жашына, улутуна жана музыкалык чыгармалардын жанрына чек коюлбайт", — деп жазылат маалыматта.
Жаңы ырларды тандоо конкурсу ушул жылдын 20-декабрына чейин өткөрүлөрү кошумчаланды.
Сынактын шарт-талабы тууралуу кененирээк маалыматты 0(312) 66-43-04, 0773 71-23-15, (312) 66-24-04 телефондору аркылуу алса болот.
Октябрь революциясынан кийин өр алган кыргыз маданияты. Тарых барактары