КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Эртең Бишкекте КМШ ПААнын күзгү сессиясынын иши башталат

Күзгү сессиянын алкагында парламент башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте 16-ноябрь күнү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) күзгү сессиясынын иши башталат. Бул тууралуу КМШ ПААнын катчылыгынын маалымат кызматы билдирди
Эртең парламенттик делегациялардын жетекчилери КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышат. Аны кеңештин төрайымы, Россиянын Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко өткөрөт.
"Орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу 56-пленардык жыйындын негизги темасы болмокчу. Бул маселе боюнча парламенттик делегациялардын жетекчилеринин сөз сүйлөшү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Парламентарийлер "Медициналык ишмердүүлүк менен алектенген субъектилердин бейтапка зыян келтирүүдөгү жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндөгү", "Органикалык өндүрүш жөнүндөгү", "Тоо-кен казуу иштеринин калктуу аймактарга тийгизген таасири жөнүндөгү" мыйзамдарды карашат.
"Мындан тышкары, КМШ мамлекеттерине маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы мүчүлүштүктөргө профилактика жүргүзүү жана экономикалык коопсуздук жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштар берилет", — деп айтылат маалыматта.
Күзгү сессиянын алкагында парламент башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары өтөт.
16-ноябрь күнү Бишкекте КМШ ПААнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясы менен Социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиясынын жыйындары өтөт. Ошол эле күнү КМШнын парламенттер аралык Жаштар ассамблеясынын мүчөлөрү дагы жолугат.
Эске салсак, иш-чара эки күнгө созулат.
РФ министри: COVID КМШнын саламаттыкты сактоо тармагы кызматташа аларын көрсөттү