АКШ конгресси Украина менен Израилге колдоо каралбаган бюджетти кабыл алды

Өлкөнүн бюджетин кабыл алуу жана өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн долбоорду эки палатанын тең жактырышы жана президент Жозеф Байдендин коюлган колу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШнын өкүлдөр палатасы спикер киргизген Украина менен Израилге каржылык колдоо көрсөтпөстөн өкмөттү эки этап менен убактылуу каржылоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. РИА Новости жазганына караганда, бул тууралуу добуш берүүнүн жыйынтыктары айтып турат.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн палата өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн добушу керек болчу. Натыйжада 336 өкүл макул болуп, 95и каршы чыккан.
Мыйзам долбоорун шатдаунду алдын алууга чакырган өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон сунуштаган.
Документке ылайык, транспорт, энергетика жана аскердик курулуш менен байланышкан программанын бир бөлүгү январь айынын орто ченине чейин каржыланат. Өкмөттүк калган секторлорду каржылоо февралда жүргүзүлөт. Сунушталган мыйзам долбоордун бир дагы бөлүгүндө Израиль менен Украинага каражат берүү каралган эмес. Өкмөттүн чыгашаларын кыскартуу жөнүндө да айтылган жок.
Өлкөнүн бюджетин кабыл алуу жана өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн долбоорду эки палатанын тең жактырышы жана президент Жозеф Байдендин колу керек.
Херш: АКШ Израилге таасир эте турган абалда эмес