Жалал-Абадда жапырт мушташ болуп төрт улан кармалды

Милициядан соттук-медициналык экспертизалар дайындалгандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддагы мейманкананын жанындагы жапырт мушташтан кийин төрт улан кармалганын облустук милициядан билдиришти.
Жалал-Абаддагы мейманкананын жанындагы жапырт мушташтан кийин төрт улан кармалды
10-ноябрда саат 3:40тар чамасында мейманкананын жанында мушташ болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери бул боюнча далилдерди алып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси менен ("Бейбаштык") иш козгоду.
Шектүү катары 21 жаштагы И. С., 20 жаштагы Т. Э. жана З. Р., 19 жаштагы К. Б. кармалган. Милициядан соттук-медициналык экспертизалар дайындалгандыгын айтышты.
Бишкекте чет элдик жарандар ызы-чуу салып, алтоо үч суткага камалды