Өкмөттөн акча алып ишкерлик баштаган 13 миң үй-бүлөнүн 96%ы аялдар

Программанын арты менен 70 миңден ашык адам жашоосун жакшыртканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында өз ишин баштагандардын 96 пайызын аялдар түзөт. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдиргенин мекеменин маалымат кызматы жазды.
Бүгүнкү күндө бизнес-демилгелерин ишке ашыруу үчүн 13 миңге жакын үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алган.
"Программанын арты менен 70 миңден ашык адам жашоосун жакшыртты, анын ичинен 43 миңи 16 жашка чейинки балдар. Бул — эл аралык деңгээлде таанылган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун эң жакшы инструменттеринин бири", — деди Алыбаева.
Ошондой эле ал акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, кесиптик окутуу жана кесиптик багыт берүү, майыптыгы бар адамдарды, кайтып келген мигранттарды жумушка орноштуруу, анын ичинде аялдардын ишкердигин колдоо боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүп жатышканын белгиледи.
Министрлик: “Социалдык келишимдин” суммасы өзгөрбөйт, 200 миңди алуу шарты башкача