Россияда Газадан эвакуациялангандарды тосуп алып жатышат. Видео

Келгендердин биринчи тобун Газадан Каирге, андан соң РФ борборуна жеткиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россиянын ӨКМинин кызматкерлери, ыктыярчылар Газадан келген жарандарды жылуу кийим берип, жашай турган жерге алып барыш үчүн тосуп алышты. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье билдирди.
Биринчи каттам менен 70 адам ташылган. Ал жерде кишилерге жардам берүү үчүн РФтин ТИМи менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыкчам штаб ачкан. Эвакуациялангандар убактылуу жайларга жайгаштырылмакчы.
Келип түшкөндөр биринчи иретте ысык тамак жана жылуу кийим-кечек менен камсыз болушту. ӨКМден өзгөчө көңүл балдарга бурулгандыгын айтышкан.
Эвакуация болгондордун биринчи тобун Газадан Каирге, андан соң РФ борборуна алып келишкен.
Көп узабай Россиянын ӨКМ кызматкерлери Газадан эвакуацияланган, 98 адамдан турган экинчи топту тосуп алышты.
Маалыматта Египетте РФ ӨКМинин адистери "Рафах" көзөмөл-өткөрүү жайынан өткөн кишилер менен иштеп, аларга психологиялык көмөк көрсөтүүнү улантып жатканы айтылган.
Россия Газа эли үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү