Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер-2023" форумунда Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча иштерге артыкчылык берилип, инновациялык, креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүүгө багыт алууга аракеттер жасалат. Бул тууралуу Канзада Сманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, президенттин алдында түзүлгөн Мекендештер кеңеши четте жүргөн кыргызстандыктар менен бардык багыт боюнча кызматташып, экономиканын өнүгүшүнө салым кошууга чакырышы зарыл.
"Мекендештер" форуму чет өлкөдө иштеп, окуп, жашап жаткан кыргызстандыктардын көйгөйлүү маселелерин угуп, алардын сунуштаган долбоорлорун өлкө экономикасынын шартын жакшыртууга багыттаганга түзүлгөн чоң аянтча. Өкмөт мекендештер менен тыгыз байланышты илгерилетип, бардык багыт боюнча кызматташууну күчөтүшү зарыл. Анткени чет жерде тажрыйба топтоп, билим алган биздин уул-кыздарыбыз өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот. Мындай чогулуш буга чейин 2019-жылы уюштурулган. Учурда Бишкекте "Мекендештер-2023" аталышындагы форум Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруусу менен өтүп жатат. Анда Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча жасала турган аракеттерге артыкчылык берилип, инновациялык, креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүү багыттары каралат", — деди Сманова.
Ошондой эле адис чет өлкөдө жүргөн мекендештердин юридикалык маселелерин чечүүгө аракет кылып, жеңилдиктерди түзүүгө белсениши керектигин кошумчалады.