Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттеринен буудайды көп ала баштады

Өткөн жылдын тогуз айында өлкө 181,3 миң тонна эгин сатып алган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттеринен буудайдын импортун арбытканын Улуттук статистика комитетинен айтышты.
Быйыл 9 айда Кыргызстанга 214,2 миң тонна буудай импорттолду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,9 миң тоннага көп.
Буудай саткан өлкөлөр:
Россия - 206,9 миң тонна (29,8 тоннага көп);
Казакстан - 7,3 миң тонна (29,8 тоннага көп);
Түркия - 0,2 тонна (200 кг, былтыр импорттолгон эмес).
Кургакчылыктын айынан быйыл Кыргызстан эгинди былтыркыдан жүз миң тоннадай аз жыйнады.
Министрлик: РФтин буудайды экспорттоого салган тыюусу Кыргызстанга таасир этпейт