УКМК ЖКнын мурдагы депутатын камакка алды

Sputnik
БИШКЕК, 14 ноя — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Б.Ж.А. 23-декабрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Жаныбек Бакчиев
Бул инициалдарга экс-депутат, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Бакчиевдин аты-жөнү туура келип жатат.
Райсот өзүнүн 25-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды.
Кеп Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (“Баңгизатын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогун мыйзамсыз даярдоо”) 3-бөлүгү жөнүндө болуп жатат.
Көлбаевдин тобун каржылап турган. "ЦУМ-Айчүрөк" соода борборунун ээси изделүүдө