Мэрия Эмилбек Абдыкадыровду алтын төш белги тагып узатты

Мурдагы мэрдин шаарга жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, конуштарды газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдөгү эмгеги бааланган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Мэриянын жамааты Бишкек шаарынын азыркы башчысы Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыровду узатышты.
1 / 2

Мэриянын жамааты Бишкек шаарынын азыркы башчысы Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыровду узатышты

2 / 2

Мурдагы мэр жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, конуштарды газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдөгү салымы үчүн мэриянын Алтын төш белгиси менен сыйланган

Муниципалитеттин маалыматында жазылгандай, мурдагы мэр жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, конуштарды газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдөгү салымы үчүн мэриянын Алтын төш белгиси менен сыйланган.
Абдыкадыров мэриянын жамаатына биргелешип алып барган иши үчүн ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров мындан ары Ысык-Көл облусун жетектейт.
Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов иштен бошотулду