Бишкекте "Ден соолук" жарышы өтүп, министр Бейшеналиев бийлеген видео

Жарышка 1500 адам катышты. Алардын арасында депутаттар, министрлер, дарыгерлер болду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте "Ден соолук" жарышы өттү.
Иш-чаранын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев старт берип, орун басарларын бийге тартты.
Жарыш КМШ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Катышуучулар өздөрү тандаган 1 жана 2 чакырымга чуркашты.
1 / 3

Бишкекте "Ден соолук" жарышы өттү

2 / 3

Иш-чаранын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев старт берип, орун басарларын бийге тартты

3 / 3

Жарыш КМШ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында өттү

"Жарышка 1500 адам катышты. Алардын арасында депутаттар, министрлер, дарыгерлер болду. Кыргызстанда 14-15-ноябрь күндөрү тогуз мамлекеттин өкүлдөрү катышкан КМШ саммити өтүп жатат. Бүгүнкү жарыш ден соолукка арналган. Дени сак улут — күчтүү мамлекет", — деди Бейшеналиев.
Сауд Арабиядан келген дарыгерлер жүрөккө бекер операция жасай баштады