КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

16-17-ноябрда Бишкектин кээ бир көчөлөрү жабылат

Кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилери эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. 16-17-ноябрда Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилерин ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Бул күндөрү борбор калаада КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөрү белгиленди.
Мындан улам төмөнкү жолдор тосулат:
Фучик көчөсү. "Манас" аэропортунан Жибек Жолу проспектисине чейин;
Жибек Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
Манас проспектиси мамлекеттик резиденцияга чейин;
Медеров көчөсү. Байтик баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин.
 ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа калтырбоого, оор жүк ташуучу айдоочуларды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга жана жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.
Апта ичи Боомдо таш түшүрүлүп, каттамга чектөө киргизилет