Бишкектин түштүгүндө 45 кабаттуу мейманкана пайда болот. Президент капсула салды

Кыргызстандагы бул имараттын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил автоунаага ылайыкташкан жайы болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Manas Tower 45 комплексинин курулушунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Manas Tower 45 комплексинин курулушунун пайдубалына капсула салды

2 / 5

Мындай көп кабаттуу комплекс өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат

3 / 5

Аны ишке ашырууга президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышып жатканы айтылды

4 / 5

Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда

5 / 5

Долбоор боюнча, комплекс 45 кабаттуу болуп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил автоунаа бата турган гараж болору кошумчаланды

Мындай көп кабаттуу комплекс өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат. Аны ишке ашырууга президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышып жатканы айтылды. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Долбоор боюнча, комплекс 45 кабаттуу болуп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил автоунаа бата турган гараж болору кошумчаланды.
Президент өлкөдө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштаганын белгилеп, мамлекеттик саясат инвесторлордун ийгиликтүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, жеңилдиктер берилип жатканын кошумчалаган. Мамлекет башчы мейманкана өзүнчө уникалдуу жана таанымал имараттардын бири болорун айтып, анын тегерегине дагы чоң-чоң имараттар куруларын белгилеген. Жапаров, долбоорго ылайык, имараттын эң үстүндө тик учак жана панорама аянтчасы жайгашарын кошумчалаган. Жаңы имарат шаардын түштүк тарабында, Түштүк магистралда жайгашары белгилүү болду.
Инвесторго тоскоол болгондор менен өзүм эсептешем! Жапаров "Асман" шаарына капсула салды