Төрт күндөн кийин Кыргызстанда биринчи ирет эл аралык ири кинофестиваль өтөт

Иш-чарага дүйнөлүк масштабдагы абройлуу бир нече киночу чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. 17-ноябрда Кыргызстанда биринчи ирет Бишкек эл аралык кинофестивалы башталарын уюштуруучулар кабарлашты.
Алардын айтымында, иш-чара 21-ноябрга чейин уланып, ага катышууга дүйнөлүк масштабдагы абройлуу 70ке чукул киночу чакырылган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арнала турганын билдирип, иш-чара улуттук кинонун кадыр-баркын жогорулатуу, ата мекендик мыкты кинокартиналарды жайылтуу, кинематографисттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштуруларын билдирген.
Маданий иш-чаранын программасында эл аралык жана улуттук кино сынагы, атайын көрсөтүүлөрдү өткөрүү иштери бар.
Фестивалдын жыйынтыгында Чыңгыз Айтматов атындагы "Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн" сыйлыгы, Бишкек мэриясынын, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты фильми үчүн калыстар тобунун (ФИПРЕССИ), Кыргызстандын кинематографисттер союзунун сыйлыктары, NETPAC калыстар тобунун байгеси тапшырылмакчы.
Радио
Тилепбергенова: "Белек" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Венецияда өттү