"Манас" аэропортунан 51,8 килограмм алтын менен чет элдик жаран кармалды. Сүрөт

Алынган 999,9 үлгүсүндөгү алтын эритмесинин салмагы 51 килограмм 866 граммды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу контрабанда жолу менен ташылган 51,8 килограмм салмактагы алтын куймалары алынганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

"Манас" эл аралык аэропорту аркылуу контрабанда жолу менен ташылган 51,8 килограмм салмактагы алтын куймалары алынганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди

2 / 2

Коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө чет элдик ишкерлер "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу мыйзамсыз түрдө алтын куймаларын алып өтүүчү канал уюштуруп, системалуу түрдө ташып турушканы маалым болгон

Коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө чет элдик ишкерлер "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу мыйзамсыз түрдө алтын куймаларын алып өтүүчү канал уюштуруп, системалуу түрдө ташып турушканы маалым болгон.
Кылмышка шектелип чет өлкөлүк бир жаран кармалганы айтылды. Алынган 999,9 үлгүсүндөгү алтын эритмесинин салмагы 51 килограмм 866 граммды түзгөн.
УКМК: Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөндөр кармалды