"Манас" аэропорту былтыркыга салыштырмалуу быйыл 50 пайызга көп жүргүнчү тейледи

Тогуз ай ичинде "Манас" аэропортунда 32 миң 190 каттам аткарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту 2023-жылдын 9 айында 4 миллион 181 миң 490 жүргүнчү тейлегенин аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул аралыкта эл аралык каттамдарда 2 миллион 991 миң 414, ал эми ички каттамдарда 1 миллион 190 миң 076 жүргүнчү учкан.
"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч дээрлик 50 пайызга өскөн", — деп айтылат маалыматта.
Январдан сентябрь айына чейин "Манас" аэропортунда 32 миң 190 каттам аткарылган. Алардын ичинен 22 515и эл аралык, 9 675и ички каттамдар.
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат