Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина менен Батыштын атайын кызматтарынын мамилеси солгундап баратат

Батыш Украинанын Коопсуздук кызматында реформалардын жоктугуна тынчсызданып жатканы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Украина менен Батыштын чалгындоо кызматтарынын мамилеси солгундап баратат, анткени АКШ, Улуу Британия Киевдин аракеттеринен улам Россия менен түздөн-түз жаңжалдашуудан кооптонууда. Бул тууралуу британиялык саясат таануучу, Россия боюнча китептердин автору Марк Галеотти Sunday Times гезитиндеги макаласында белгилегендигин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Батыш Украинанын Коопсуздук кызматында реформалардын жоктугуна, Киевдин Россиянын аймагында аскер кызматкерлерине жана саясатчыларга каршы террордук чабуулдарды уюштурушуна тынчсызданууда.
“Москва дагы деле украиндер Батыштын айтканын аткарат деп ишенет окшойт... Москва ички чабуулдарды тапшырма катары көрүп, түздөн-түз Батыштан өч алышы мүмкүн деген кооптонуу бар”, — деп айтылат макалада.
Ошондой эле Батышка Киевдин пландары бүдөмүк болуп жатканы жакпай калгандыгы айтылат.
“Батыштын саясий чөйрөлөрүндө Киев өз пландарында так эмес болууда жана өнөктөштөрүнүн тынчсыздануусуна жооп бергиси келбей жатат деген сөздөр бар”, — деп билдирген Галеотти.
Ал Украина өзүнүн стратегиясын өзгөртүүгө эч кандай негиз көрбөй турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
“Дагы беш облус”. АКШда Украинанын чек арасы кандай өзгөрөрүн айтышты