БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркайдын жакын туугандары изделип жатканын кабарлады.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери ымыркай жаткан №1 төрөт үйүнө барып, бөбөктүн абалы менен таанышкан.
"Наристеге туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жазып, жакын туугандарын таап, алардын камкордугуна тапшыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Эгер жакындары табылбай же алар камкордукка алуудан баш тартса, ымыркайдын маалыматтары кийин асырап алуу үчүн Мамлекеттик маалыматтар топтомуна киргизилип, социалдык мекемеге жайгаштырылат", — деп жазылган кабарда.
Баланы коргоп, камкордукка алуу маселеси Октябрь районунун Балдар иштери боюнча комиссиясында ушул жумада карала турганын айтышты.
2023-жылдын 8-ноябрында борбор калаадагы таштанды челектин ичинен кызыл эт ымыркай табылган. Бала №1 төрөт үйүнө тапшырылып, медициналык кароодон өткөрүлгөн. Кийин анын энеси табылып, кармалган. Наристеге дарыгерлер президент Садыр Жапаровдун ысымын ыйгарышкан.