БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бешинчи муундагы Су-75 Checkmate россиялык биринчи жаңы истребителин 2025-жылдын аягына чейин жасап, аяктап калышат. Бул туурасында Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин жетекчиси Денис Мантуров билдирди. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Чет элдик кызыккан тараптар учакты сатып алууга ниет кылып турушат. Долбоорун алардын каалоосун эске алып түзүлөрүн айтышты. Адистер өндүрүштү баштоого кам уруп, даярдыктар башталган.
Су-75 Checkmate ири алдыда экспорт үчүн иштелип чыккан. Бул истребителге Африка, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия жана Латын Америка өлкөлөрү кызыгып, көз салып турат.
Иштеп чыгуучулардын маалыматы боюнча, Checkmate кошумча май куйбастан 3000 чакырымга чейин учуп, саатына 2 460 чакырымга дейре күүлөнүп, 7 400 килограмм аскердик жүктү ташыганга кудурети жетет. Бир убакта аба, деңиз жана жердеги алты бутага, анын ичинде сокку уруучу дрон жана бешинчи муундагы чет өлкөлүк учактарга чабуул коё алат.
Бешинчи муундагы россиялык Су-75 Checkmate платформасы ачык архитектурага ээ. Болжол менен 20-30 миллион долларга бааланат, башкача айтканда, америкалык F-35тен 3-4 эсе арзан.