Статком: Кыргызстан калкынын 75%ы сейсмикалык жактан кооптуу жайларда жашайт

Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу кооптуу табигый кырсыктарга дуушар боло турган мамлекеттердин катарына кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстан калкынын 75 пайызга жакыны сейсмикалык жактан кооптуу жайларда жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сейсмикалык жактан кооптуу деген категорияга кирген 80ден ашык ири калктуу конуштар бар. Алар жер титиреши ыктымал чөлкөмдөрдө жайгашкан. Бул жерлерде республиканын калкынын 75 пайызга жакыны жашайт”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу кооптуу табигый кырсыктарга дуушар боло турган мамлекеттердин катарына кирери айтылган.
Бишкектиктер иммунитетинин деңгээлин акысыз биле алат