С. Жапаров: мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү сактоо учур талабы

Президент расмий орус тили өзүнүн тарыхый ролун сактап каларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү сактоо — элдин биримдигин бекемдөө үчүн учур талабы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Бирдиктүү эл — өнүккөн өлкө" улуттук форумунун катышуучуларына жасаган кайрылуусунда билдирди.
Өлкө башчынын кайрылуусун мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуду.
Президент Кыргызстанда башка этностордун тилдеринин сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзүлөрүн, ал эми расмий орус тили өзүнүн тарыхый ролун сактап каларын белгилеген.
Кендирбаева: Кыргызстанда орус тилин сапаттуу үйрөнүүгө болгон муктаждык чоң