Кыргызстанда 14-ноябрь күнү радио жана телеберүүлөр сегиз саатка токтойт

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Эртең, 14-ноябрда, Кыргызстанда саат 08:00дөн 16:00гө чейин санарип телекөрсөтүүлөр, мамлекеттик жана коммерциялык радиоберүүлөр токтойт. Бул тууралуу "Кыргыз телеком" билдирди.
Бул күнү электр энергиясын өчүрүү менен профилактикалык иштер аткарылат. Спутниктен теле жана радиоберүүлөрдүн сигналдары дагы таркатылбайт.
Бишкек: эртең ичүүчү суу берилбей турган аймактардын тизмеси