БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Акыркы жылдары Кыргызстанда сууну пайдалануу 15 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылдан 2022-жылга чейинки өлкөдөгү экологиялык абалга арналган жыйнагында жазылган.
Маалым болгондой, өлкөдө жетиштүү суу ресурстары бар. Кыргызстандын аймагында аянты 6 836 чарчы чакырым болгон 1 923 көл, 3 500дөн ашык дарыя, сайлар жана жер астындагы таза, минералдык суулардын 44 кени бар.
"2022-жылы сууну керектөөнүн көлөмү 5,8 миллиард куб метрден ашкан. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 14,8 пайызга көп (төрт жыл мурда 5,1 миллиард метр кубга аз болчу)", — деп айтылат маалыматта.
Сууну керектөөнүн жалпы көлөмүнөн көбү (94,3 пайызы) сугат, айыл чарба иштерине пайдаланылган. Чарба жана ичүүчү сууга 3,4 пайыз, өнөр жайга 1,4 пайыз суу пайдаланылган.
Суу керектелгенден көп алынып жатканы белгиленди. Алсак, өткөн жылы 8 миллиард 742 миллион кубометр алынса, 5 миллиард 844 миллиону гана пайдаланылган.
Себеби — алынган суунун 27 пайызы сугат системаларынын начар абалынан улам тиешелүү жерге жеткиче коромжуга учурайт.