Ташиев: мамлекет футбол стадиондору менен талаалардын курулушун каржылайт

Камчыбек Ташиев футбол спорттун башка түрлөрүндөй эле өлкөнүн кадыр-баркын көтөрө турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун (КФС) жетекчилиги жана өлкө клубдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, жергиликтүү футболдун учурдагы көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулады. Бул тууралуу КФСнин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун (КФС) жетекчилиги жана өлкө клубдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, жергиликтүү футболдун учурдагы көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулады

2 / 2

Ташиев футбол спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле өлкөнүн кадыр-баркын көтөрө турганын белгиледи

Ташиев футбол спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле өлкөнүн кадыр-баркын көтөрө турганын белгиледи. Буга байланыштуу ал өзү жана президент Садыр Жапаров спорттун бул түрүнө тыкыр көңүл буруп жатканын айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жергиликтүү чемпионаттарды байма-бай уюштуруу эл аралык турнирлерде жакшы көрсөткүчтөргө жетүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.
Ал ошондой эле клуб жетекчилерин өз ара кызматташууга, таза атаандаштыкка чакырып, өлкө жетекчилиги футбол инфраструктурасын жакшыртууга, жаңы стадиондор менен талаалардын курулушуна каражат бөлөрүн убадалады.
"Ак шумкар" ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Убактысы