Радио

Манасчы "сары ат минүү" дегенди чечмелеп берди

Sputnik
"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков улуу дастанда кездешкен эски сөздөрдүн бирин Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында чечмелеп, түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, "Манас" учу-кыйыры билинбеген океан сыяктуу көп руханий байлыктарды камтып турат.
"Көөнө сөздөрдүн арасында "сары ат минүү" деген түшүнүк бар. Ал ант, убада, шерттен кайткан адамдарга карата күнөөсүн моюнуна алдыруу талабы катары колдонулат. "Манаста"
"Анты, шертиң мойнуңа,
Сары атың азыр миниңиз.
Сай кашка сырттан сен элең,
Бул кылыгыңызды билиңиз,
Айткан кепке кириңиз,
Жөндүү кепти угуңуз" деген саптар кездешет. Учурда байыркыдай кылычтын мизин жалап шартташуу, антташуу жөрөлгөлөрү деле колдонулбайт. Ошентсе дагы ата мекендин алдында, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн ант берилип келет. Ошону берген адамдар айтканынан кайткан учурда "сары ат минди" деп колдонууга болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдоно билүү артыкчылык болоорун кошумчалады.