Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Франция Украинага өзүндөгү курал-жарактан бербестигин айтты

Коргонуу министри Киев бийлиги Франция Украинаны колдоо үчүн атайын фондго берген 200 миллион евронун эсебинен төлөшү керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Франция өзүндөгү курал-жарактан Украинага берүүсүн токтотууга ниеттенип жатат. Бул туурасында RT Франциянын коргонуу министри Себастьен Лекорнюнун айтканына таянып маалымдады.
Ал Киев бийлиги Франция Украинаны колдоо үчүн атайын фондго берген 200 миллион евронун эсебинен төлөшү керек деп эсептейт. Лекорню парламенттеги докладда Украинага аскердик жардам кылуу үчүн бөлүнгөн каражат үч миллиард еврого жетерин кошумчалады.
Эске салсак, Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер АКШ конгресс бөлгөн каражаттын азайгандыгынан улам Украинага аскердик жардам кылууну токтоторун жар салган.
Буга чейин Байдендин конгресске жасаган 24 миллиард долларлык сурамы жана республикачылардын Киевге жардамды караган бюджетти бекитип берүүдөн баш тартышы аз жерден өкмөттө шатдаунду жаратып коё жаздаган. Жыйынтыгында жардам берүү пункту каралбаган, убактылуу бюджет бекитилип, өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти кызматынан кеткен. Буга бир канча республикачылардын төрага Байдендин администрациясы менен жашыруун макулдашып алган деп тапкандары себеп болгон.
Венгриянын тышкы иштер жана тышкы байланыштар боюнча министри Петер Сийярто Украина чатагынан коомчулук да чарчагандыгын ЕБ өлкөлөрүнүн бардык ТИМ башчылары айтканын билдирген. Азыр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Украина темасына көңүл улам аз бурула баштагандыгын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ өкмөтүндө Украинага түз бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн акча калган жок