Борбор калаада жаңы сквер жана велосипед жолу ачылды. Сүрөт

Жалпы аянты 0,60 гектар болгон эс алуучу жаңы жайда балдар, воркаут аянтчасы курулган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Ленин районуна караштуу Садырбаев жана Сакалдуу көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер пайда болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 5

Борбор калаадагы Ленин районуна караштуу Садырбаев жана Сакалдуу көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер пайда болду

2 / 5

Ынтымак конушундагы бул жаңы жайда балдар, воркаут аянтчасы курулуп, велосипед тебүүгө ылайыкталган

3 / 5

Айланасына ирригациялык система жана жарыктандыруу орнотулуп, таман таш төшөлүп, бак-дарактар отургузулду

4 / 5

Жалпы аянты 0,60 гектар болгон сквердин аймагын көрктөндүрүү боюнча бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктап калганын кошумчалашты

5 / 5

Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин веложол жана тротуар салынды. Жөө жүргөндөр үчүн жолдун жалпы узундугу 2,7 чакырым, туурасы 3 метр, ал эми веложолдун туурасы 2 метрди түзөт

"Ынтымак конушундагы бул жаңы жайда балдар, воркаут аянтчасы курулуп, велосипед тебүүгө ылайыкталган. Айланасына ирригациялык система жана жарыктандыруу орнотулуп, таман таш төшөлүп, бак-дарактар отургузулду", — деп билдиришти мэриядан.
Жалпы аянты 0,60 гектар болгон сквердин аймагын көрктөндүрүү боюнча бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктап калганын кошумчалашты.
Маалымат кызматы, мындан сырткары, Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин веложол жана тротуар салынганын билдирди. Жөө жүргөндөр үчүн жолдун жалпы узундугу 2,7 чакырым, туурасы 3 метр, ал эми веложолдун туурасы 2 метрди түзөт.
Мэрия Ак-Босого конушуна сквер курууга 101 млн. сомдук конкурс жарыялады