Бишкек: эртең ичүүчү суу берилбей турган аймактардын тизмеси

Мэриядан өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарын оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жасалып жаткандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Эртең, 14-ноябрда, борбор калаанын тегерегиндеги айрым конуштарда суу эртең менентен тарта түшкө чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын кабарлады.
Турак үйлөрдү, мектептерди, балдардын мектепке чейинки уюмдарын, саламаттыкты сактоо объектилерин жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объектилерин суу менен камсыздоо убактылуу (саат 9:00дөн 15:00гө чейин) чектелмекчи.
Муздак суу болбой турган аймактар:
Энесай конушу;
Дордой-1 конушу;
Дордой-2 конушу.
Мэриядан ичүүчү сууну өчүрүү "Энесай" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарын оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жасалып жаткандыгын айтышты.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранды.
13үнчү жана 15-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Даректер