Баткен облусунда ишкерлерге 145 млн. сом насыя берилди

Жеңилдетилген насыяны ишкерлик менен алектенген Баткендин 162 жашоочусу алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Финансы министрлиги Баткен облусундагы ишкерлерге 145,1 миллион сом бергенин аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Каражат аймакка жеңилдетилген насыя берүүнүн алкагында бөлүнгөнүн айтты.

"Долбоордун максаты — Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъектилерине жана жеке жактарга жеткиликтүү, жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын коммерциялык эки банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350,0 млн. сом суммасын түзүүдө. Акча 162 бизнесменге берилди", — деп айткан маалымат кызматынан.

Радио
Министрлик: айыл чарба техникасынын лизингин 10 млрд. сомго жеткирүү зарыл