19-ноябрда элди массалык башаламандык уюштурууга чакырган. УКМК шектүүнү кармады

43 жаштагы киши маалыматтарды фейк аккаунт аркылуу жазып турган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Социалдык тармак аркылуу 19-ноябрда элди массалык башаламандык уюштурууга чакырган киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, социалдык тармакта "Адис Жумгалов" деген аккаунттун колдонуучусу массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө дайыма чакырыктарды жарыялап турган.
"Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандык") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 43 жаштагы М.А.Р. аттуу кыргыз жараны аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал маалыматтарды фейк аккаунт аркылуу таратып турган", — деп жазылат кабарда.
УКМК анын жашаган жеринен төрт мобилдик телефон, персоналдык компьютер, ок атуучу эки курал жана ок-дарылар табылганын кошумчалаган. Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Министрдин орун басары: фейктер улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат