Чоң спортто 22 жылдан бери күчүмдү сынап, спорттун алты түрүнөн "Спорттун чебери" болдум. 18 жыл дзюдо, жети жылдай алыш бел боо күрөшү, улуттук күрөштүн түрлөрүндө мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багындырганын Нагира Сарбашова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына жаракатына байланыштуу барбай калган.
"Спорттук карьерам дзюдодон башталган. Республикалык жана эл аралык мелдештерге катышып, өлкөнүн атынан бир катар мелдештерде жеңүүчү болдум. Алсак, дзюдо менен 18 жылдай машыктым. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына барарда жаракат алып, жарыштан четтеп калгам. Кийин Алыш бел боо күрөшүнөн мелдештерге чыгып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштадым. Дүйнө кубогун, дүйнө чемпионатын утуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күмүш медаль тагындым. Учурда япониялыктардын сумо спорту менен машыгып, кыздардын курама командасында Токиодо өткөн Азия чемпионатына барып, коло медалдын ээси болдум. Жалпысынан спорттун алты түрүнөн "Спорттун чебери" болуп, бардыгында өз салымымды кошо алдым деп ойлойм", — деди Сарбашова.
Ал учурда машыктыруучулукту аркалап, өспүрүмдөр менен тажрыйбасын бөлүшүп жатканын кошумчалады.