Садыр Жапаровдун Сауд Арабиядагы иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышып, анда Палестина-Израиль жаңжалы боюнча талкууга катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга болгон иш сапары 11-ноябрда аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө лидеринин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров иш сапардын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз VIII саммитине катышты. Ал чыгып сүйлөп, Кыргызстан Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын белгиледи.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстанга иш сапары менен барган. Андан ары Парижге "Бир планета" саммитине катышуу үчүн жөнөп кеткен.
Франциядан соң 11-ноябрда Сауд Арабияга иш сапары менен барган.
С. Жапаров: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укугун тааныйт