БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет Кыргызстан боюнча кийинки жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 12-18-ноябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда күн ачык болот, жума этектеп калганда кээ бир жерлерде жаан-чачын жаайт.
Чүй облусунда
12-13-ноябрда жана 18-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү күн ачык болот.
Талас облусунда
12-ноябрда түнкүсүн жана 18-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаайт.
Ош менен Баткен облусунда
Облустарда жума ичинде ойдогудай аба ырайы күтүлөт. Тагыраагы, 12-18-ноябрда жаан-чачын жаабай турганы айтылды.
Жалал-Абад облусунда
12-ноябрда түнкүсүн жана 18-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. 13-17-ноябрда жана 18-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Ысык-Көл менен Нарын облусунда
12-ноябрда күндүз жана 13-ноябрда айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Облустарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-ноябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Теги: Кыргызстан Кыргызгидромет аба ырайы жаан-чачын кар
https://sputnik.kg/20231101/noyabrga-karata-aba-yrajy-1080086626.html