13үнчү жана 15-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Даректер

Бул күндөрү суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы эртең, 13-ноябрда жана 15-ноябрда борбор калаанын айрым жерлеринде муздак суу өчүрүлө турганын билдирди.
Дүйшөмбү күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас жана Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов жана Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул күнү "Белинский" суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүрөт.
Ал эми шаршемби күнү саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чоң-Арык районунда, Семетей көчөсүндө, Киргизия жаңы конушунда жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагында таза суу берүү убактылуу өчүрүлөт. 15-ноябрда эски түтүктү эксплуатациядан чыгаруу жана жаңы түтүктү суу системасына кошуу иштери жүргүзүлөт.
“Бишкек суу канал” башкармалыгы шаардыктардан өз убагында ичүүчү сууну камдап алууну суранып жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
Мэрия баладан баш тарткысы келген энелер каякка барышы керектигин айтты