13-ноябрга карата аба ырайы

13-ноябрга караган түнү тоо этектеринде карга айланган жамгыр жаап, тоолорго кар түшүшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 13-ноябрь, дүйшөмбүдө, өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас, Нарын аймактарында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл жергесинде +5...+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы Ош шаарында +14...+16 градуска чейин көтөрүлсө, борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, ала булут каптап турат. Абанын температурасы +8...+10 градустун тегерегинде болот.
13үнчү жана 15-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Даректер