БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар робототехника боюнча RoboLand-2023 эл аралык фестивалында экинчи орунга ээ болушту. Бул тууралуу "Алтын түйүн" улуттук инженердик-техникалык академиясы маалымдады.
Иш-чара Казакстандын Караганда шаарында өткөн. Анда Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, Өзбекстандан жана Грузиядан келген төрт жаштан 18 жашка чейинки 300 бала таймашкан.
Кыргызстандын атынан "Алтын түйүн" академиясында билим алып жаткан Ринат Советканов, Георгий Козлов, Руслан Кадурин, Тимур Акунов, Роман Скреминский жана Акылали Жунушев катышты.
Акыл таймаш төмөнкү багыттарда өттү:
robot mouse;
робогеометрия;
роботтордун башкаруусундагы чакан футбол;
лабиринттен өтүү;
робо-сумо;
биатлон;
тенге алуу;
тоскоолдуктар жолу.
"Абдан күчтүү атаандаштарга карабастан балдар менен алака түзө алган роботту түзүүнү талап кылган Level-3 чыгармачылык категориясындагы сынакта биздин Genesius командабыз экинчи орунду алды. Калыстар анын сырткы көрүнүшүн, долбоорду ишке ашыруу процессин жана аны жактоого мыкты деген баасын берди", — деп билдирди "Алтын түйүн" академиясынан.