Жалдагы балдар ооруканасында арзан дарыкана ачылды. Сүрөт

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда “Эл Аман” аталышындагы мамлекеттик дарыкана ачылды
Учурда жер-жерлерде мамлекеттик дарыканалар ачылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда “Эл Аман” аталышындагы мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Открытие государственной аптеки Эл Аман в Национальном центре охраны материнства и детства
Министр Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалардын ачылышы калкты арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыздай турганын айтты.
Министр адегенде республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалганын, бүгүнкү күндө алардын саны 49га жеткенин белгилеген.
“Албетте, алгач уюштуруу маселелерине байланыштуу нюанстар болушу мүмкүн, бирок негизги процесс башталды. Келечекте бардык дарыканаларда препараттардын түрүн 800дөн 2000ге чейин көбөйтүү пландалган”, — деди Бейшеналиев.
Шаар тургундары дарыларды бул жактан 10-15 пайыз арзан сатып алышат.
Ош шаарында Эл Аман мамлекеттик дарыканасынын ачылышы
Ош менен Жалал-Абад облустарында дагы мамлекеттик дарыканалар ачылды