Кыргыз ырчылары Россиянын "Ну-ка, все вместе!" долбоорунун финалына чыгышты. Видео

Шоу-берүүнүн баш байгесине 5 миллион рубль коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев Россиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунун финалына чыгышты.
Анда Исраилов Филипп Киркоровдун "Немного жаль" аталышындагы ырын аткарып, калыстардын 93 упайына ээ болду.
Долбоордо ырчылар 100 калыстын сынынан өтөт, жүздүктүн башында турган Сергей Лазерев Киркоров өзүнүн бул хит ырын дал ушундай аткарууну кыялданган деп тамашалады.
Ал эми Азат Раимбердиев Imagine Dragon рок-тайпасынын Believer чыгармасын аткарып, 100 упай алды. Бул эң жогорку көрсөткүч.
Эми кыргыз жигиттери шоу-берүүнүн финалында таланттарын тартуулашат. Учурда долбоордун бешинчи сезону өтүп жатат. Анын баш байгеси 5 миллион рубль.
Тема боюнча:
Кыргызстандык окуучулар робототехника боюнча эл аралык мелдеште 2-орунду ээлешти