Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга ыргыткан деп 21 жаштагы аял кармалды

А.С. аттуу шектүү ШИИББдин убактылуу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы ымыркайын таштандыга ыргыткан деген энени кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ маалымдады.
Эске салсак, 8-ноябрда түнкү саат 23:30дар чамасында милицияга борбор калаадагы Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекке белгисиз аял ымыркайды таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Чакырылган жерге кызматкерлер келип, баланы полиэтилен баштыгына ороп коюшканын аныкташкан.
Бул факты боюнча Октябрь РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси ("Эненин жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүшү") менен иш козгогон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 21 жаштагы А.С. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин маалымдалгандай, бала таштанды челектен табылган учурда тирүү болгон. Аны шаардын №1 төрөт үйүнө өткөрүп беришкен. Кызыл эт баланын абалы туруктуу экендиги кошумчаланган.
Араванда 2 жаштагы эгиз кыздарын сабаган келин кармалды