Тоннасы 5 миң сом. Ош шаарында арзан көмүр сатылган жайлардын даректери

Буга чейин кара алтындын тоннасы 6 500 сомдон ашпашы керектиги эскертилген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте арзан көмүр саткан жайларды уюштурганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Атайын белгиленген жайларда көмүрдүн тоннасы беш миң сомдон сатылууда.
Арзан көмүр алууну каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:
Айни көчөсү, 80 дарегинде жайгашкан Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгы;
Дача кичи районундагы Туран муниципалдык аймактык башкармалыгы;
Татар айылы, Уларов 13 дарегинде жайгашкан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы.
Буга чейин шаар мэриясы көмүрдүн тоннасы 6 500 сомдон ашпашы керектигин эскерткен.
"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда түшүндүрүү иштери менен көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү, белгиленген бааларды колдонуу боюнча көзөмөл улантылат", — деп билдирген мэрия.
Баткенде арзан көмүр саткан кампалар ачылды. Даректери