Кыргызстандык самбочу дүйнө чемпионатынан күмүш медаль алды. Сүрөт

Спортчу килем бетинде 64 килограмм салмакта беттешип, финалга чейин төрт балбанды уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык самбочу Белек Бараканов дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынганын Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Кыргызстандык самбочу Белек Бараканов дүйнө чемпионатында
Мелдеш ушул тапта Армениянын борбору Ереванда өтүп жатат. Спортчу килем бетинде 64 килограмм салмакта беттешти.
Алгач 1/16 финалдык кармашта тажикстандык спортчуну утса, 1/8 финалда америкалык балбанды жеңген. Чейрек финалда италиялык, ал эми жарым финалда монголиялык балбанды утуп, финалга жолдомо алган.
Чечүүчү финалдык беттеште россиялык балбанга жеңилип, күмүш медаль тагынган.
Радио
Кыргызстан сумо боюнча рейтингде Азияда экинчи орунда турат