Радио

Кенжебаев: Кыргызстанда шахбокстун келечеги бар

Шахбокс боюнча дүйнө чемпиону, бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Акназар Кенжебаев шахбокс олимпиадалык спорттун түрүнө кирсе кыргызстандыктар байгелүү орундарды ээлей тургандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда шахбокстун келечеги бар. Анткени боксту да, шахматты да бирдей жакшы ойногон спортчулар четтен чыгат. Бул тууралуу Акназар Кенжебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спортчулар интеллектуалдык жактан да өздөрүн даярдаганда жогорку жетишкендиктер болот.
"Шахбокс Европада 2000-жылдардын башында эле пайда болуп, ири турнирлер өтүп келет. Кыргызстанда Шахбокс федерациясы ачылып, иштеп баштаганына аз гана убакыт болсо да алгачкы ийгиликтер жаралды. Бирок шахбокс менен машыккандар көп эмес. Учурда бул спортту Олимпиада оюндарынын программасына киргизүү аракеттери жүрүп жатат. Эгер ири мелдештин катарына кошулуп калса, кызыгуу дагы артып, кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарды багындыра алат. Шахбокстун келечеги бар. Өлкөдө күчтүү, таланттуу спортчулар көп", — деди Кенжебаев.
Ошондой эле адис спортчуларга акча көбүрөөк бөлүнүп, окуу-машыгуулардын сапаты жакшырып, инфраструктуралык шарт түзүлсө спорттун көп түрүндө ийгиликтер болорун кошумчалады.