12-ноябрга карата аба ырайы

12-ноябрда күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жекшембиде түнкүсүн өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында +6…+11, Талас, Нарын чөлкөмдөрүндө +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16 градусту көрсөтөт.
Абанын табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +13…+15 градус жылыйт.
Нарынга кар кыш мезгилиндей түштү. Сүрөт