Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов иштен бошотулду

Иманбетов облусту 2022-жылдын сентябрь айынан бери башкарып келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Иманбетов облусту 2022-жылдын сентябрь айынан бери башкарып келе жаткан.
Нурдан Орунтаев мамлекеттик жаңы кызматка дайындалды